Күйөөм чычалап, жер тилкемди талашып жатат. Адвокаттын жообу
Менин эки балам бар. Кызым өзүм менен, уулумду жолдошум бербей жатат. Ал азыр үйлөнүп алган. Андан эч нерсе алган эмесмин, сурабайм дагы. Болгону өзүм чуркап жүрүп алган, өзүмө тиешелүү жер тилкем бар, ошону сатып үй алып, уулумду жаныма алсамбы дегем.
Эми күйөөм ошого чычалап, жер тилкени сатып, акчасын 4кө бөлөсүң, деп талап кылып жатат. Ошону кандай кылышым керек?
Баса, биз 12 жыл бирге жашадык, бирок ЗАГСка турган эмеспиз. Какшап жүрүп алдырта албай койгом.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер жер тилкеси сиздин атыңызга катталган болсо, никеңер расмий түрдө катталып, ЗАГС жок болгон соң, жолдошуңуздун жер тилкесин талашууга эхч кандай акысы жок. Башкача айтканда ал мүлк экиге бөлүнбөйт, сизге гана таандык болуп саналат.
Ал эми уулуңузду сотко доо арыз менен кайрылып, анын жашаган жерин аныктап, өзүңүзгө алып алсаңыз болот.
Тилегиңизге жетиңиз!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.