Баламдын өнүгүүсү кечирээк, эмне кылуу керек? Психолог жооп берет
Баламдын жашы 12де. Ой-жүгүртүүсү, өнүгүүсү башка балдарга салыштырмалуу кечирээк, оюн так түшүндүрүп бере албайт. Мектепке да кечирээк бергенбиз. Учурда төртүнчү класста окуйт, бирок жада калса өз атын катасыз жазганды үйрөнө элек. Үй-тапшырмаларын мен черновикке жазып берем, ал андан кийин көчүрөт.
Баламды кантип окутам?
Эльвира Лисова
Балдардын коррекциялык психологу
Саламатсызбы. Сиздин баланын бардык жөндөмдөрүн: ой жүргүртүү, көңул бөлүү, кабыл алуу, майда моториканы өнүктүрүү үчүн узак убакытка чейин иштөө керек.
Эгер медикаментоздук, дефектологиялык, психокоррекциялык багыттар комплекстүү өнүктүрүлсө баланын андан ары коомго кошулуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Мунун бардыгын атайын билим берүүчү (коррекциялык) мекеменин алкагында жүргүзүү зарыл.
Сиз биздин диагностикалык борборго да консультация алуу үчүн кайрылсаңыз болот.
Бала өнүгүүсүндө тең туштарынан артта калып жатканын байкасаңыз, апасы катары анын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн билишиңиз керек. Андан ашыкча нерселерди талап кылбаңыз. Алына жараша тапшырмаларды бериңиз. Сиз андан талап кылган нерселер, кыска, бирок түшүнүктүү жана үй-бүлө үчүн керектүү жумуш болсун. Бала өзүн үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсу, пайдасы тие турган киши катары сезсин.
Кенедей ийгилигин колдоп, мактап, жылуу сөздөрдү айтуудан аянбаңыз. Сүйлөп жатканда сөзүн бөлбөй угуңуз, шаштырбаңыз, ачууланып урушпаңыз. Балаңыз башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк сизге муктаж экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
Ийгилик!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.