Досум акчамды бербей жатат. Кантип өндүрүп алсам болот?
Менин досум мага акча карыз. Качан берерин сурасам, ар кайсы күндү айта бергенинен, "5-январь бер, бербесең кечиккен күнгө 500 сом кошулат" деп сүйлөшүп видеого тартып алгам. Видеодо мойнуна алган. Эми ошол кечиктирген күндөрдүн дагы акчасын алаламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Бул жерде кааласаңыз эле акчаңыздын үстөк пайызын ала тургандай баары оңой эмес. 500 сом мыйзамдагы тартиптерге ылайык тиешелүү түрдө катталган эмес. Демек, 500 сомду алалбайсыз деп эсептейм, ошон үчүн өзүңүздүн акчаңызды кайтарууга аракет кылыңыз. Баш тартса, карызды өндүрүп алуу боюнча сотко доо арыз жазыңыз.
Саламатсызбы!!!
Менин 4 балам бар,эн чону 13жашта,турмушка чыкканыма 14жыл болду бирок 14жылдын ичинде жакшы деле жашаган жокбуз, балдарым мн ата энемдин уйундо жашайм,жолдошум таптакыр балдарына жардам бербейт,карашпайт,озум багып келе жатам,балдарга документ да алып берген эмес,баары озумдун фамилиямда ЗАКС жок,эми жолдошумдан алимент ондуро аламбы?жакында эле ажырашып кеттик,бирок ата энемдин уйундо биз мн чогуу жашап журду,жакында Москвага кетет,кеткен учурда алиментке берсе болобу?
Чоон рахмат жообунузду кутом.