Балам бир жашында чарчап калды, мага жардам керек. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мага жардам керек. Балам бир жашында чарчап калды. Андан бери эки жыл өттү, дагы деле өзүмө келе элекмин. Башкалардын балдары ыйласа же жаңылыктардан балдарын сабашты дегендерди көрүп, уксам, жаман болом. Жүрөгүм сыгылып, бир нече күн кыйналам.
Адамдарга кошулгум келбейт. Бул ситуациядан кантип чыгам? Мага жардам бергилечи?
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Балаңдын өлүмүн баштан кечирүү өтө оор. Бул абдан чоң жоготуу. Аны эскерткен, ага байланыштуу буюмдар, окуялар, дагы деле жүрөгүңүздү оорутуп жатат.
Балким, өзүңүздү да күнөөлөп жатасыз. Жакшы карай алган жокмун, тиешелүү деңгээлде көңүл бөлө алган жокмун, деп. Антпеңиз.
Башкысы, балаңыз тууралуу ойлорду куубаңыз. Аны улам эскерүүдөн, ал тууралуу сөз кылуудан коркпоңуз. Көз жашыңызды, кайгыңызды жашырбаңыз. Жакындарыңыздын колдоосуна муктаж болсоңуз, жардам сурагандан тартынбаңыз.
Балаңыздан кечирим сурап, аны кое бериңиз. Ал сизге кыска убакытка болсо да, кубаныч, эне болуу бактысын тартуулады.
Андан да сизди кое берүүсүн сураныңыз. Убакыттын өтүшү менен жүрөгүңүздүн жараты тартылат.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.