Сперманын өңү кандай болуш керек? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Негизи сперманын өңү кандай болуш керек? Сары түстө болгону нормабы? Зааранын өңүчү? Меники аябай сары. Тааныштарыман сурасам, организмде суу жетпесе ошондой болот деп айтышты. Ошол чынбы?
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатчылык. Ооба, организмде суу азыраак болсо зааранын өңү сары түстө болот. Ал эми сууну көбүрөөк ичсеңиз, өңү мала сары болуп калат.
Бирок, анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп койгонуңуз ашыктык болбойт.
Сперма тууралуу айта турган болсом, уруктун өңү ак, саргыч, боз болушу мүмкүн. Анын курамында белоктор, углеводдор, майлар, гормондор, минералдар жана витаминдер бар. Көпчүлүк учурда өңүнүн өзгөрүшүнө ичкен тамак жана эркектин жашоо образы таасирин тийгизет.
Ал эми сперманын өңү күңүрт, күрөң же кан аралаш болсо, дароо урологго кайрылуу керек. Бул кандайдыр бир өнөкөт оорунун же сезгенүү процессинин белгиси болушу мүмкүн.
Уролог сизди спермограмма тапшырууга жөнөтүп, чыккан жыйынтыктарына жараша дарыланууну жазып берет.
Ден соолгуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.