Башталгыч класстарынын мугалими болгум келет, бирок кесибим башка
2020.01.22, 14:55
1426
Саламатсызбы. Мен БГУнун журналистика бөлүмүн 6 жыл окугам. Бирок, башталгыч класстарга мугалим болгум келет. Ал үчүн канча жыл окушум керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.01.2020, 14:56
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы. Башталгыч класстарга сабак берүү үчүн сөзсүз кайрадан педагогикалык билим алууга тийишсиз. Кайра билим алууңуз квалификацияны өзгөртүү (переквалификация) катары каралып, ага 2-2,5 жыл убактыңыз сарпталат.
Мындай билимди И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетте алсаңыз болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп