// //

Инстаграмдагы бир жигитти сүйөм. Менин сезимим жоопсуз калды

2020.01.22, 14:45
1449

11-классымдан бери бир баланы жакшы көрөм. Биринчи жолу аны инстаграмдан көргөм. Сүрөттөрүнөн эле жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, адамгерчиликтүү жигит экенин түшүнгөм.

Мен аны чындап эле сүйүп калдым. Күнү-түнү ошону ойлой берип, сабактарымды да таштадым. Бирок, ал мага окшогон кыздарды карабай турганы анык.

Анын сүйлөшкөн кызы бар экен. Муну билгенде аябай ачуум келди. Башка кыздар жабыша берсе да кызганып, жиним келе берет.

Ал мени менен ватсаптан карындашы катары эле сүйлөшөт. Статустарымды ал үчүн гана коем.  

Кантип жашоомон чыгарып, унутсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.01.2020, 14:46

Асель Баимбетова

Психолог

Сиздин сүйүүңүз сизге азап тартуу алып келип жатат, демек бул сүйүү эмес – бул көз карандылык. Бул жигитти жана андагы мыкты сапаттарды өзүңүз ойлоп таап алгансыз. Жагымдуу образ түзүп алып, аны сүйүп калдым, деп жатасыз.

Менин тажрыйбамда мындай учур болгон. Жаш кыз жоопсуз сүйүүгө туш болуп, аябай кыйналган. Бир нече консультациядан кийин, сүйүктүүсү өзүнүн атасынын идеалдуу вариантына окшошуп кетээрин бирге аныктадык.

Көрсө ал кыз, атанын мээримине муктаж болуп жүргөн. Атасынан ала турган жылуулукту, колдоону, кам көрүүнү башка адамдан издеген. Бул жашоодо аны коргой турган кишинин болуусун каалаган.

Биз мындай эксперимент жасап көрдүк: ошол жигитти элестетип, ага айта турган сөздөрүнүн бардыгын айтты, ыйлады, урушту, кыйкырды, күнөөлөдү. Бул эмоциялардын бардыгын баштан кечиргенден кийин женилдей түшкөн. Акырындык менен ага болгон көз карандылыгы, байлануусу жана таарынычы тарады.

Менин сизге бере турган кеңешим, унуткуңуз келип жатабы? Анда, хобби менен алек болуңуз, спорт менен машыгып, жаны адамдар менен таанышып дос күтүп, саякаттап, сейилдеп, киного, кафеге, театрга барыңыз. Анын номерин өчүрүп, инстаграм баракчасынан чыгып кетиңиз. Өз жашооңуздан толугу менен чыгарып салыңыз.

Сиз сөзсүз бактыңызды табасыз! Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт