Балама “аллергический бронхит” деген диагноз коюлду. Эмне кылышыбыз керек?
2020.01.21, 12:03
2237
Балам февралда үчкө чыгат. 4 айлык кезинде “аллергический бронхит” деп, больницага жатып чыкканбыз. Оорусу кайталанганда сөзсүз аллергиядан даарыларын ичебиз. Көп докутрларга алып бардык. Бирок биротоло жакшы болуп кете элек. Азыр дагы ооруп жатат. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2020, 12:04
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Аллергиялык бронхит – бул өтө олуттуу оору. Мындайда стационарда дарыланып, аллергияны козгогон эмне экенин аныктап, аны менен контактыны мүмкүн болушунча төмөндөтүү керек.
Үй шартында төмөнкү көрсөтмөлөрдү сактоо зарыл:
- үйдү күнүнө бир нече жолу желдетип туруу;
- жумасына 2 жолудан кем эмес нымдуу “уборка” жасоо;
- баланын үй жаныбралары менен контакт болуусун чектөө;
- өсүмдүктөр гүлдөп жаткан учурда антигистаминдик препараттарды колдонуу. Бирок, кандай болбосун дарыны педиатр менен кеңешкенден кийин гана ичирүүгө уруксат берилет.
Балаңыз тез сакайып кетсин.
0
Пайдалуу жооп