// //

Турмушка чыккам, кызыбыз бар. Бирок мен бир чоң ката кетирдим

2020.01.20, 14:22
1920

Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын. күйөөм мени менен он күн сүйлөшкөндөн кийин эле алып качкан. Элдин: “жакшы жигит” деген сөзүнө ишенип, отуруп кала бергем. Кыздуу болдук.

Бирок, мен бир чоң ката кетирдим. Мурда өзүм жактырып жүргөн бала менен кармалып калгам. Ошондон кийин күйөөм мага ишенбейт. Кызганычтын айынан көп урушабыз, кээде кол көтөрөт.

Күйөөгө тийгениме бир жыл болду. Мени алып качканда отуруп калганыма аябай өкүнөм.

Өкүнбөй кантип жашайм? Күйөөмдү кантип сүйөм?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2020, 14:23

Асель Баимтетова

Психолог

Саламатчылык. Түшүнгөнүмө караганда, сиздин үй-бүлө курууга берген макулдугуңуз жеке өзүңүз кабыл алган чечим болгон эмес. Сиз элдин сөзүнө ишенип “эл эмне дейт”, “уят” деген чектөөлөрдөн улам, калып калгансыз.

Бир жылдан кийин үй-бүлөлүк мамиледе кризис башталды. Бардыгын реалдуу көз караш менен карап, реалдуу кабыл ала баштадыңыз.

Мага, сиз өзүңүз эмнени каалап жатканыңызды билбей тургандай сезилип жатасыз. Жашоодо кандай максатыңыз бар? Күйөөңүздөн эмнени күтөсүз? Кандай болушун каалайсыз? Келечекте үй-бүлөм кандай болсо экен, деп кыялданасыз? Балким, ушул суроолорго жообуңуз жок болгондуктан, башка жигит менен да жолугушууга бардыңыз.

Сизге бере турган кеңешим, алгач жашооңузду талдап көрүңүз. Ушу күнгө чейин эмнелерге жетиштиңиз? Артыкчылыктары, кемчиликтери эмнеде? Ушундай турмушта өмүр бою жашоого макулсузбу? Балким, айрым көрүнүштөрдү өзгөрткүңүз келет? Келечекке кандай пландарыңыз бар?

Анан күйөөңүз менен ачык сүйлөшкөндү үйрөнүңүз. Оюңузду так, даана айтыңыз. Көпчүлүк пикирин нааразычылык, күнөөлө, салыштыруу аркылуу билдиришет. Бул туура эмес, позиция. Мындай тактика бир да көйгөйдү чечпейт. Тетирисинче, түшунбөстүктөрдү жаратат.

Шартыңыз болсо, психологго кайрылып көрүңүз. Ал өзүңүздү табууга жана түшүнүүгө жардам берет. Анын арты менен күйөөңүзгө болгон мамилеңиз өзгөрөт.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт