Кичинекей балага паспортту канча сомго жасатсам болот? Адис жооп берет
Бир жарым жаштагы балама паспорт алайын дегем. Айыл өкмөтүндөгү паспорт столго барсам, нотариустан макулдук алгыла деп жөнөттү. Компьютер терген эже 200 сом сурады. Документти толугу менен тапшырдык. Эми кайра 700 сом бер, деп талап кылып жатат. Болбосо, “отмена” кылып салам дейт. Балага паспортту алуу үчүн канча сом керек?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы. Мыйзам боюнча паспорт баасы – 530 сом. Андан тышкары акча талап кылууга эч кимдин акысы жок.
Мындай жагдайга туш келсеңиз, ишеним телефонуна чалып, арызыңызды калтырсаңыз болот.
Нааразычылыктарды кабыл алуу бөлүмү: 0312 62 41 40.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.