// //

Жакында турмушка чыгам, гинекологго көрүнүп койсомбу дегем, бирок корком

2020.01.14, 14:27
1757

Саламатсызбы. Мен жакында турмушка чыгам. Гинекологго барып көрүнүп койсомбу дегем. Бирок, көбү гинеколог текшерип жатып кыздык белгиге зыян келтирип коюшу мүмкүн, деп айтышат. Ушундай болуусу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.01.2020, 14:28

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Бул суроого так жооп бере албайм. Бирок адискөй гинекологдор өспүрүм бейтаптарга абдан этият мамиле кылышат. Алардын организми жаш жана кандайдыр бир медициналык манипуляцияларга даяр эмес экенин эске алабыз.

Албетте, турмушка чыгаарда бир сыйра текшерүүдөн өтүп кою ашыктык болбойт. Өзүңүз жакшы тааныган жана тааныштар сунуштаган гинекологго кайрылыңыз.

Гинекологго келгенде, сөз башында эле кыз экениңизди эскертиңиз. Мындай учурда жыныс кынынын флорасын изилдөө үчүн гинекологиялык күзгү (гинекологическое зеркало) колдонулбайт. Зарылчылык болсо түз ичеги аркылуу көрөбүз же УЗИге жөнөтөбүз.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
16.01.2020, 12:08

Саламатсызбы кошулуп буткондон кийин жыныстык мучомдон сперма осурак сымал чыгып жатат эмне кылсам болот бул оруубу

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт