Гепатит “В” менен ооруган аял төрөсө баласына да жугабы? Гинеколог жооп берет
2020.01.13, 16:41
1774
Гепатит “В” менен ооруган аял төрөсө, баласына да жугабы? Алдын ала кандай чараларды көрсө болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2020, 16:42
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Гепатит “В” энеден балага өтүшү мүмкүн. Кош бойлуулуктун акыркы үч айында жугузуп алуу коркунучу өзгөчө курч болот.
Кош бойлуу аялда гепатит “В” аныкталса, ал ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга тийиш. Бүгүнкү күндө эң эффективдүү профилактика бул – вакцинация.
Кош бойлуу эне төрөтко чейин эмделет, төрөттөн кийин 2-3 күн өткөндө, бала да вакциянация алат. Бул эмдөө бардык жаңы төрөлгөн балдарга жасалат.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Эмдөө тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
0
Пайдалуу жооп