// //

Туура эмес кылып жатканымды түшүнүп турсам да жолуккум келе берет

2020.01.10, 11:28
2687

Жашым 35те. Турмушка чыккандан бери жолдошум Москвада иштейт. Жылына бир жолу бир айга келип кетет. Мен үч балам менен айылдамын. Ушундай жашоо 16 жылдан бери уланууда.

Былтыр интернет аркылуу бир жигит менен таанышып калдым. Телефондон сүйлөшүп жүрүп, айына бир жолу жолгуп турууну чечкенбиз. Мен аны жакшы көрүп калдым. Туура эмес кылып жатканымды түшүнүп турсам да, жолуккум келе берет. Кол үзөйүн дейм, эрким жетпейт. Ал да улам жазып, чалып турат. Өзүнүн үй-бүлөсү бар.

Кантип кутулам бул жолдон? Жолдошумду балдарымды жоготкум келбейт. Намаз окуп баштадым.

Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.01.2020, 11:30

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Сиз эки коенду бир ок менен аткыңыз келип турат, натыйжасында кур кол калышыңыз мүмкүн.

  1. Сиздин мыйзамдуу жолдошуңуз бар. Экөөңөрдүн никеңер кыйылган, бирок эч кандай үй-бүлөлүк жашоо жок. Үй-бүлө күнүмдүк жашоодон, тиричиликтен, бирге тамактануудан, көйгөйлөрдү бирге чечүүдөн турат. Мунун бардыгы аялы менен күйөөсүнүн бири-бирине ынак болуп, жакындашуусуна шарт түзөт.

Мен сизди түшүнүп турам, адам болгондон кийин, жылуулукту, кам көрүүнү, сүйүүнү издеп жатасыз. Тилекке каршы, күйөөңүз менен жылына бир эле көрүшөт экенсиз.

  1. Сиз сүйлөшүп жүргөн жигит үй-бүлөлүү. Башы бош эмес эркек менен жолугушууну түбү көрүнбөгөн жардан секирүү менен салыштырса болот. Анда-санда бир көрүшүп, ортоңордо эч кандай милдеттенмелер, жоопкерчилик жок. Албетте, мындай мамиле баш айлантпай койбойт.

Аны жакшы көрөм деп жазып жатасыз. А сиз ал үчүн күйөөңүздү, балдарды таштап кетүүгө даярсызбы?

Келечегиңизди кандай көрөсүз? Кимисинин жанында болууну каалайсыз?

Балким, күйөөңүз жакшы адам, болгону ортоңордо аралык болуп, сейрек кездешип турганыңар сизди канаатандырбайт. Андай болсо, бирге болуунун жолун издегиле.

Ал эми чындап эле азыр жолугуп жүргөн жигитти сүйүп калсаңыз, ал таптакыр башка маселе.

Жакшылык алып келбей турган мамилени токтотуу керек экенин өзүңүз деле мыкты түшүнүп турасыз. Бирок эч нерсени өзгөрткүңүз келген жок.

Менин сизге сунушум, биринчи кезекте өзүңүзгө чынчыл болуңуз, ошондо кандай чечим кабыл алыш керек экенин түшүнөсүз.

Бактылуу болуңуз.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт