Бул оору менен ооруган эркек балалуу боло алабы? Уролог жооп берет
2020.01.09, 14:51
1708
“Не сахарный диабет” менен ооруйм. Менин суроом, бул оору менен ооруган эркек балалуу боло алабы? Урука зыяны тийбеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.01.2020, 14:51
Азат Бейшенов
уролог
Кант эмес диабети (Не сахарный диабет) өтө сейрек кездешкен илдет. Бул ооруга болжол менен 100 000 кишинин ичинен 3 адам туш болот. Ал гипоталамус функциясынын бузулушуна байланыштуу. Башкача айтканда, адамдын организминде суюктук токтобойт, күнүнө 6-15 литрге чейин заара кылат.
Негизги симптомдорунун бири, адам ар дайым суусап турат, күнүнө 3-18 литр суу ичет.
Аталган дарт эркектин репродиктивдүү системасына эч кандай таасирин тийгизбейт. Андыктан бул жагына кейибей эле койсоңуз болот. Сиз балалуу боло аласыз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп