Туура эмес сүйлөп алгандан коркуп, унчукпай отура берем. Кантип өзгөрөм?
Мен сүйлөшүү маданиятымды жогорулаткым келет. Учурда турмушка чыккам, үй-бүлөөлүүмүн. Мурда туура эмес сүйлөп алсам эле апам урушуп салчу, ошондон улам көп жерден сүйлөбөйм. Дагы туура эмес айтып алсамчы, деп корко берем. Мага берилген суроолорго бир өңчөй, болушунча кыска: ооба, жок, билбейм, деп жооп берем.
Бирок мен маанилүү, маданияттуу, кооз, көркөм сүйлөгүм келет. Мага кандай кеңеш бере аласыңар?
Виктория Исакова
Психолог
Кымбаттуум, сиздин көйгөйдү чечүү көп деле кыйынчылык жаратпайт. Сөздү улап, кооз сүйлөө үчүн, кеп болуп жаткан тема тууралуу кеңири маалыматка ээ болуу зарыл, жана сөз байлыгың кеңири болууга тийиш.
Мунун баары сизде жетиштүү деңгээлде болгондо, өзүңүзгө болгон ишеним пайда болот дагы, адамдар менен кыйналбастан пикир алыша бересиз.
Сизге бере турган башкы кеңеш, жана реалдуу жардам бере турган ыкма бул – КИТЕП ОКУУ!
Тандаган текстиңиз көркөм чыгарма, тематикалык макалалар, энциклопедиялар, саясий маалымат ж.б. болобу, мыкты жазылгандарын тандаңыз. Көп окуп, көп маалымат чогултуу сөз байлыгыңызды өрчүтүп, дүйнө таанымыңызды кеңейтет. Колуңуздан келет, өзүңүзгө ишениңиз. Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.