Жердин салыгын ким төлөсө, ошол жаран ээси болуп калат деген чынбы?
Саламатсызбы. Силердин жардамыңарга дагы бир ирээт муктаж болуп турам. Атам жакын таанышынан эч бир документи жок, достук мамилесине салып, 2005-жылы мага жер алып берген. Акчасын дароо төлөгөнбүз. Кийин жер кымбаттап кызыл китеп бериле баштаганда, атамдын таанышы жерди сатпай калдым, акчаңарды алгыла, деп ортодон уруш чыкты. Каттоого барсак, жер анын наамында экен.
2005-жылдан бери ал жерде мен жашайм, өзүм 2-топтогу майыпмын. Кантип жерди өз наамыма өткөрүп алсам болот? Электр энергиясына, суу, таштанды, жер салыгын бардыгын өзүм төлөп келем.
Жердин ээси өз убагында үй салбаса, салыктарды ким төлөсө ошол жаранга берилет, деп уктум. Ошол чынбы? Эмне кылышым керек? Кеңеш бергилечи сураныч?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Сиздин көйгөй өтө орчундуу экен. Сиз айтып жаткан ким жашап, салыгын төлөсө, ошого катталып калат деген шарт КР Жарандык Кодексинин 265-беренесинин талаптарына дал келет.
Бирок, ал үчүн аталган жерде 15 жыл жашап, андан тышкары 3 жыл эскирүү мөөнөтүү өтүү зарыл. Тагыраак айтканда, толук 18 жыл.
Андай болгон күндө да, жер тилкеси каттоодон өтүп, жоопкердин атына катталып, кызыл китеби колунда болууга тийиш. Ошондо гана жашаган жерине караштуу райондук сотко доо арзы менен кайрылса болот. Же болбосо, сатып алуу жана сатуу келишими өткөрүлдү деп тааап бериңиз, деп кайрылыш керек.
Мыйзам чегинде жер тилкеси атаңыздын таанышына таандык. Сиздин майып экениңиз, эске алынбайт. Ал киши каалаган учурунда келип, жерди тартып алууга толук укугу бар.
Бардык жарандарды жашоосундагы олутту иш чараларды мыйзамдаштырып, кагаз жүзүндө каттатууга чакырам. Бул өз укуктарыңарды коргоо үчүн зарыл.
Ийгилик каалайм!