Чурайым мурдагыга караганда кичирейип кетти. Бул кандай оору? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Менин чурайым мурдагыга караганда 3смге кичирейип кетти. Бул кандай ооруга кирет? Мага ушул абдан кызык болуп жатат. Өзүм 45 жаштамын.
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатчылык. Сиздин сурооңузга эмне деп жооп беришти билбей турам. Жыныстык мүчөнү кичирейтип жибере турган ооруну ушу күнгө чейин жолуктура элекмин.
Балким, сиз кескин түрдө салмак кошконсуз, ошондон улам мурункуга салыштырмалуу кичирээк көрүнүп жатат. Андай болсо, ден соолукка көңүл бөлүп, диета кармап, спорт менен машыгуу жетиштүү болот.
Андан тышкары эркектин жыныстык мүчөсү карыганда, тамеки чегүү, ичимдик ичүү, туура эмес жашоо образдан, ашыкча дары ичүүдөн бир аз кичирейип кетиши мүмкүн. Мындайда эч кандай дарылоо талап кылынбайт, себеби, өзүнүн негизги функцияларын жоготпойт.
Же болбосо, жөн гана туура эмес өлчөгөнсүз.
Эгер чурайыңыздын кичирейип кеткени ыңгайсыздык, ооруксунуу же болбосо башка сексуалдык көйгөйлөрдү жаратса, анда урологго кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.