Балам башка балдарга аралашып ойной албайт. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Балама 2 жаш 8 ай болуп калды. Биз менен ойногондо урушуп-талашып жакшы ойнойт, сүйлөшөт. Бирок башка балдар менен аралашып кете албайт, чоочуркап турат. Оюнчуктары менен бөлүшкүсү келбейт, өзүмчүл. Же биринчи бала жалгыз чоңойгонго өзү эле ошондой болобу, деп ойлоном.
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Саламатсызбы!
Эмнегедир балаңыз бөлөк адамдар менен баарлашкандан коркот экен. Балким, кичирээк кезинде башкалар менен жалгыз калып калган, жакын адамдары жанында болгон эмес. Ошондон улам чочуп калса керек.
Кичинекей бала ар дайым ата-эненин карамагында, коргоосунда болгусу келет. Алардын жок экенин же кетип калганын байкаса эле мени унутуп кетишти деген сезим пайда болуп, аябай стресс болот. Бала өзүн коопсуз чөйрөдө экенин сезгенде гана айланадагылардан коркпойт.
Айрым балдар табиятынан эле тартынчак болушат. Баланы күчкө салып, ойнотуп, башкалар менен аралаштырганга аракет кылбаңыз. Бир нерсеге кызыкса, көнүмүш адатынан башкача иш жасагысы келсе сөзсүз колдоңуз. Коомдук жайларга көбүрөөк алып чыгыңыз, балдар менен жолугуп ойноосуна шарт түзүңүз. Ар бир жетишкендигин мактап туруңуз.
Бирок эч качан өзүңүздүн каалооңузду таңуулабаңыз.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.