Кытайга студенттерди жиберген агенттик акчаны бербей жатса эмне кылуу керек?
Саламатсызбы! Кытайга студенттерди жиберген агенттик акчаны кайтарып бербей жатса эмне кылуу керек? Кайда кайрылса болот? Квитанцияны Бишкекке келгенде жазып берерин айтышкан, бирок сөздөрүнө турган жок. Юридикалык жактан да тактоо кыйын болууда.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Биринчиден, бул агенттик каттоодо барбы же жокпу тактап чыгыңыз. Ал үчүн КРнын Юстиция министрлигинин сайтындагы бирдиктүү юридикалык жактардын реестрине кириңиз. Каттоодо бар болсо, кандай ишмердүүлүк жүргүзүшү керек экени жазылуу болот.
Каттоодо жок болсо, агенттиктин үстүнөн тиешелүү чара көрүп бергиле деп финансылык полицияга кайрылыңыз. Себеби, түшүнгөнүм боюнчабул жерде акча маселеси бар экен.
Эгер билимге байланыштуу болсо, агенттиктин үстүнө Кыргызстанда иштеп, элдерди алдап, квитанция бербей жаткан маселени коюп, Билим жана илим министрлигине, Тышкы иштер министрлигине жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайрылсаңыз, алар бул боюнча иш жүргүзүшөт.
Ошондой эле, ар бир төлөгөн акыбызга квитанция берүү мыйзамда каралган. Сиз канча сом төлөгөнүңүздү жана квитанция бербей жатиышканы боюнча салык органдарына да билдириңиз. Алар сөзсүз чара көрүшөт. Себеби квитанция берилбеген акча көмүскөгө кеткен акча болуп калат.
Саламатсызбы жолдошум менен ажырашканга 9жыл болду ортодо бир уулум бар бирок балама 9жылдан бери 1сом комок корсоткон жок кантип алимент ондурсом болот ал убак куйомун паспорту жок закс алынган эмес эле жада калса баламын туклгандыгы тууралу куболук алып бере алышпай озумун атам озуно жаздырып алган