Биз салган үй кайын атама катталган, ажырашсак мүлк кандайча бөлүнөт?
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүз мигрант болуп жүрүп айылга үй салганбыз. Үйүбүз кайын атамдын атына жазылган. Эми ажырашмак болдук. Ортодогу мүлк кандайча бөлүштүрүлөт?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Тилекке каршы, мындайда мыйзам чегинде мүлктү бөлүү өтө кыйынга туруп калат. Бул көпчүлүк мигранттардын көйгөйү.
Кайын журт адатта, биз бул мүлктү өзүбүздүн каражатыбызга сатып алганбыз. Келиндин эч кандай тиешеси жок, деп танып коюшат.
Ошол үйдү салууда сиздин да эмгегиңиз бар экенин тастыктоо үчүн өтө күчтүү фактылар керек. Мисалы: иштеген жериңизден алган айлыгы тууралуу малымкат (справка), банк аркылуу салган акчалардын квитанциялары ж.б.
Булардын бардыгы доо-арызга тиркелет. Сот аны бирге жашап жүргөндө табылган мүлк деп бекитип берет. Андан кийин кайра мүлктү бөлүштүрүү тууралуу сотко кайрылуу керек.
Менин тажрыйбамда мындай учурлардын 10-20% эле далилдей алышкан. Ошондуктан бардык жарандарды документтерге так болуп, никени расмий каттатып, чогу алган мүлктү жубайлардын бирине гана жаздырууга чакырык салам.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.