// //

“Молочница” тууралуу 5 миф жана реалдуулук

2019.12.26, 15:38
2617

Статистикага ылайык, дүйнөдө 3 аялдын экөөсү “молочница” болуп ооруган, бул бардык аялдын 75%ын түзөт. Бирок анын кеңири жайылганына карабастан көпчүлүк бул илдет тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес. Эң популярдуу мифтердин чын же калп экенин гинеколог Светлана Коздрович айтып берди.

№1 миф. Бардыгына “грибоктор” күнөөлүү

Чынында “молочницаны” Candida тобундагы козу карындар козгойт. Бирок алар дени сак адамдын да организминде бар болот. Candida тобундагы козу карындар ичегилердин, ооз көңдөйүнүн жана табарсык системаларынын бир бөлүгү.

Бирок айрым себептерге байланыштуу “грибоктор” адаттагыдан көп болуп кетет. Ошондо жалпы процесске жардам бербестен, тетирисинче, адамдын күнүмдүк тиричилигинде ыңгайсыздык жарата баштайт.

№2 миф. Бул - аялдардын оорусу

Кандидозду жалаң эле аялдарга тиешелүү оору деп айтууга болбойт. Бул көйгөйгө эркектер да туш болушу мүмкүн. Болгону алар айымдарга салыштырмалуу 4 эсе аз оорушат.

№3 миф. Кандидозду мончо же бассейнден жугузуп алса болот

Мончо же бассейнден кийин деле болушу мүмкүн. Бирок антибиотиктерди ичүү, жыныстык өнөктөштү же климат алмаштыруу “грибоктордун” көбөйүшүн көбүрөөк козгойт.

№4 миф. Күнүмдүк прокладкалар жана тампондор күнөлүү

Жеке гигиенага тиешелүү кадимки эрежелердин сакталбагандыгы, ага кошуп прокладка же тампон колдонуу “күнөскана эффектисин” (парниковый эффект) жаратат. Баарыбызга белгилүү болгондой нымдуулук жана жылуулук бактериаялардын көбөйүшүнө эң ылайыктуу шарт.

Ошондуктан “прокладка” өзү эле себеп боло албайт. Ал болгону ыңгайлуу чөйрө түзүп берет.

№5 миф. Жыныстык катнашка бара элек кыздар “молочница” болбойт

Андай эмес. Кандидоз жыныстык катнаш аркылуу жугат. Бирок жогоруда айтылгандай, бул оорунун пайда болуусунун жалгыз себеби эмес. Стресс, гестация, антибиотиктерди көп колдонуу, жеке гигиенаны сактабагандык ж.б. да “молочницаны” козгошу мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт