Кызым аябай акылдуу. Көз тийип калбаш үчүн кандай сүрөөлөрдү окусам болот?
Саламатсызбы! Менин улуу кызым 7 жашта. Аябай тың, жакшы окуйт, активдүү, элдин баары 90 жаштагы кемпирди кичирейтип койгондой деп айтышат, үйрөтүп койгондой сүйлөйт. Кызыма көз тийбесе экен деп тилейм. Балдарга кандай сүрөөлөрдү окуп турсам болот? Сураныч, жооп алып бериңизчи.
Кадыр Маликов
Теолог
Саламатсызбы! Албетте балдар үчүн сүрөөлөрдү окуп туруу керек, эгер сиз көз тийип калаарын сезип же билип турсаңыз. Бул үчүн курандагы акыркы үч сүрөөнү окуу сунуш кылынат.
-
аль-Ихлас (үч жолу)
-
аль-Фалякъ (үч жолу)
-
ан-Нас (үч жолу).
Ошондой эле, Аят аль-Курси сүрөөсү дагы окулат. Адатта, курандан бул сүрөөлөр эртең менен же кечинде окулат. Окуп, алаканыңызга үйлөп, анан кызыңды сүртсөңүз болот. Же кызыңыз жетиге чыгып калыптыр, ага куранды үйрөтө баштасаңыз болот: жогорудагы үч сүрөөнү жана Ая́т аль-Курси́ни. Ал буларды жатка жаттап алса, жашоодо бардык учурларда кереги тиет. Өзүн жаман сезгенде же башка учурларда ал ар дайым бул сүрөөлөрдү уктаар алдына окуп койсо болот. Ошондой эле Фатиха сүрөөсүн жети жолу окуу сунушталат.