Мастит деген эмне? Себеби, белгилери, алдын алуу жолдору
Баланы эмизүү эне үчүн да бала үчүн да пайдалуу жана керектүү. Бирок бул процесс ар дайым эле ойдогудай өтпөйт. Көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири - сүт безинин сезгенүүсү, башкача айтканда мастит.
Маститтин себебин, белгилерин жана алдын алуу жолдорун маммолог Аида Осомбаева айтып берди.
Мастит эмне себептен пайда болот?
Бул ооруга көбүнчө биринчи жолу төрөгөн келиндер туш болушат. Анткени жаңы эле көз жарган аял наристесин туура эмес эмизет. Үрпүндө жаракалар пайда болуп, ал аркылуу инфекция кирет. Дагы бир себеби, кичинекей бала сүттүн баарын эмип жетишпейт, ал эми жаш келиндер саагандан эринишет, же жалкышат, же саап туруш керек экенин билишпейт. Эмчекке сүт толуп ал маститке айланат.
Негизги белгилери кандай?
Маститти аныктоо оңой эле.
- Аялдын дене табы кескин 39-40 градуска чейин көтөрүлөт;
- Эмчеги катып, кызарат (кээде сыя түстө болот);
- Сүт толуп, чыдатпай оорутат;
- Ошол тараптагы колун көтөрө албай калат;
- Алы кетип, денеси калтырайт.
Маститтин кандай түрлөрү болот?
Мастит лактациялык жана лактациялык эмес болуп бөлүнөт.
Лактациялык мастит менен эмизип жаткан келиндер оорушат. Бирок айрым учурларда, эмизбеген аялдар деле бул ооруга туш болуп калышы мүмкүн.
Ошондой эле маститти чукул (острый) жана өнөкөт (хронический) деп да бөлөбүз.
Маститти үй-шартында дарылоо мүмкүнбү?
Ооба, эгер жеңил эле формада өтүп жатса, баланы улам эмизип жатып эле жакшы болуп кетсе болот. Наристе ооруган эмчекти көбүрөөк эмип жатып эле сүт туруп калган каналдарды бошотуп коет. Башкача айтканда, бала энесин дарылайт.
Бала кичирээк болуп, сүттүн бардыгын эмгенге алы жетпесе “молокоотсос” - сүт саай турган каражатты колдонсо болот.
Бирок, эненин температурасы көтөрүлүп, эмчеги кызарып калса, анда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Анткени ириң пайда болгон учурда үй шартында дарылоого мүмкүн эмес.
Маститти алдын алуу жолдору
- Баланы туура эмизүү. Эмгенде үрптүн өзүн эле эмес, ареоланы толугу менен эмиши керек. Кээде баланын тили кыска болгондо да туура эмес эмип, эмчектин кесилип кетишине алып келиши мүмкүн. Бул факторду да эске алып, педиатрга же хирурга баланын тилин көрсөтүп коюңуз.
- Тез-тез эмизип туруңуз;
- Эмчекти жылуу кармаңыз, суукка урунбаңыз
- Жеке гигиенаны сактаңыз, б.а. айтканда эмчекти жана колду ар дайым таза кармаңыз.
- Эгер инфекциялык ооруларга туш болсоңуз өз маалында дарыланыңыз.
Кандай гана ынгайсыздык же дискомфорт пайда болбосун дароо доктурга кайрлыгыла. Өзүңөрдүн ден соолугуңарга сак болгула.