Жолдошум "сени алганым үчүн өкүнөм, кетип калчы" дейт. Эмне кылам?
Мен 22жаштамын. Турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Кудайга шүгүр 2 кызым бар. Менин көйгөйүм – бул күйөөм. Кайын журтум ичкиликке аябай жакын адамдар. Ойлондурган нерсе күйөөм да кийин ушинтип ичкиликке берилип кетпейби? Элдер айтат “канында бар” деп.
Күйөөм 24 жашта. Майрамдарда өзүн билбей калганча ичет. Кол көтөрөт, бир жерим сынып калганча сабай берет. Бул адаты соо кезинде деле кайталанат.Наша колдонот. Өзүн билбей калуусу ушундан эмеспи?
Мындай учурда балдарына жакшы ата, көнүлүмдү карап турат. Бирок мага, “сени алганым үчүн өкүнөм, жашоом мындай болот деп ойлогон эмесмин, кетип эле калчы, жашабайм, сага көңүлүм жок”, деп айтат.
Ушунун баарын ойлонуп жооп таба албай келем. Жардам бериңизднрчи кеңеш айтып. Эмне кылсам болот? Жашап кете аламбы?
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман!
Жолдошуңуздун спирт ичимдиктерине жакын экенин мурда байкадыңыз беле? Үй-бүлөдө ичкилик ичкен адам болсо, ал үй-бүлө дисфункционалдуу үй-бүлөнүн катарын толуктайт. Анткени күйөөңүз тынчтык бербейт, чоңоюп келе жаткан балдарыңардын психикасына туура эмес таасирин тийгизет.
Аракечтик тукум кууйт деп дагы айтылат, бирок алкоголду колдонуу адамдын өзүнөн көз каранды десек туура. Жолдошуңуз өз калоосу менен дарыланса, ичикиликтен баш тартса жакшы болмок.
Ачык эле сиз менен жашоого көңүлү жок экенин айтса, “анын жашоосунда менин канчалык ордум бар?” деген суроону өзүңүзгө, жолдошуңузга берип көрүңүз.
Сиз менен болгон жашоосун башкача элестетип, реалдуулукта анысы ишке ашпай жаткандай. Үй-бүлөнү курганда да, сактап калуу да бир эле адамдын колунан келе турган иш эмес.
Мүмкүн, жумушу, курчаган чөйрөсү ичкиликке, нашага берилгени түрткү болуп жатат.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн жалгыз сиздин эле эмес, жолдошуңуздун да аракети керек. Экөөңөр тең үй-бүлөлүк психологго муктаж экенсиңер.