Адамдар сүйлөсө жакшы түшүнө албай кыйналам. Неврапатолог жооп берет
Китеп окусам, телефон чукуласам, бир нерсени көңүл бөлүп бир аз карасам эле башым ооруп кетет. Адамдар сүйлөсө жакшы түшунө албай кыйналам. Кабыл алуум начар. Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Урумкан Молдосалиева
Невропатолог
Саламатсызбы. Менин сизге бир нече суроом бар:
Биринчиден, жашыңыз канчада? Экинчиден, эмне жумушта иштейсиз? Кандай тармакта? Кыймылсыз көп отурасызбы? Же тескерисинче бир күн кечек тикесинен тик турасызбы? Канча убакыттан бери ушундай акыбалда жүрөсүз? Кандайдыр бир дары дармектерди ичесизби? Мындан башка кандай оорулар менен оругансыз?
Мына ушул суроолордун бардыгына жооп алып, анан анализдин жыйынтыктарын көрүп, эмне себептен мындай болуп жатканын айтып бере алам. Тилекке каршы, ансыз кандайдыр бир диагноз коюп божомолдоолорду айтуу мүмкүн эмес.
Сиз сөзсүз доктурга көрүнүшүңуз керек. Бул өзүнөн өзу жок болуп кете турган симптом эмес. Убакыттын өтүшү менен күчөй берет.
Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.