Боюмда бар. Полиартрит болуп жатат окшойм. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын, 6 жумалык боюмда бар. 4 күндөн бери муундарым, тизем ооруп жатат. Эч нерсе кыла албай калдым. Угушумча полиартрит экен.
Ушундай жаш туруп эле баспай каламынбы? Күйөөм менден айнып кетсечи? Өзүм төрөй аламынбы. Аябай стресс болуп кеттим.
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Бул сиздин жеке божомолдоолоруңуз элеби же доктур диагноз койдубу?
Так билүү үчүн анализ тапшырып, андан кийин диагноз коюу керек.
Кош бойлуулук учурундагы полиартрит эне жана балага кандай таасирин тийгизе турганын алдын ала аныктоо оор. Айрымдарыныкы 4-5 ай болгондо симптомдору байкалбай тынчый түшөт, кээ бир учурларда тескерисинче, ого бетер күчөп, эне жана баланын ден соолугуна коркунуч туудурат.
Полиартриттин бир нече түрү бар:
- Инфекциялык
- Ревматоиддик
- Посттравматикалык
- Реактивдик
Ар биринин пайда болуу себептери жана симптомдору ар кандай. Демек дарылоо жолдору да айырмаланып турат.
Өзүңүз төрөйсүзбү же кесердик кесүү аркылуубу аны сизди төрөтө турган дарыгер менен биргеликте чечесиңер.
Полиартрит өтө кооптуу диагноз. Аны өз алдынча үйдөн дарылоо мүмкүн эмес. Эртерээк көрүнүңүз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.