Ийгиликтүү ишкерден 10 кеңеш
Азамат Акелеев, "Promotank" консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү, ААК “SMART Energy” нин жетекчиси, теле жана радиоберүүлөрдүн туруктуу коногу, экономика жана каржы тармагындагы адис.
Алгачкы бизнесин каражатсыз баштаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкерлердин бири.
***
Бизнести маңдай тер менен тапкан акчага баштаңыз.
***
Бизнесмен - өзүнө гана эмес кызматкерлерине, кардарларга, айлана-чөйрөгө жооптуу адам.
***
Жумуш - бул кичинекей бала сыяктуу, дайыма камкордукка муктаж.
***
Тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан өткөндө гана жеңиштин даамын татасыз.
***
Ишкер – өжөр адам!
***
Акча жөн турбашы керек!
***
Эртең менен эрте турганда жакшы идеялар келет.
***
Күнүнө жок дегенде бир саат китеп же пайдалуу макала окуганды адат кылып алыңыз.
***
Интернетте көп отурганда мээ таштандыга толуп, баш айланып калат.
***
Бийиктиктерди багынткыңыз келсе, баарын кичинеден баштаңыз!