Сөз көтөрө албай майда нерсеге эле ачуулана турган болдум. Психологдун кенеши
Саламатсызбы. Мен кеңеш сурайын дедим эле. Жашым 17де. Быйыл мектепти бүтүрөм. Сабакка эч көңүлүм жок, үй жумуштарын жасагым келбейт. Сөз көтөрө албай, майда нерсеге тез эле ачуулана турган болдум. Эртеден кечке чукуганым телефон.
Келечекте ким болом деген ой да эзип бүттү. Мен тандаган кесип үйдөгүлөргө жакпайт. Алар да караңгы адамдар. Же бир ишенип сырымды айта турган кишим жок. Жеңеме рахмат, кичине түшүнүктүүрөөк.
Мурда активдүү элем. Кийин эч ким менен сүйлөшкүм келбей түнт да болуп кеттим. Эмне болуп жатканымды түшүнбөйм. Кеңеш бериңизчи, сураныч?
Виктория Исакова
Психолог
Кутман күн!
Мындай эмоцияоналдык абал бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүнө таандык. Алдыдагы экзамендер, окуу жайга өтүү жана жакындардын басымы булардын бардыгы тең салмактуулук абалдан чыгарып жатат. Башкалардын ишенимин актабай кою коркунучтуу эмес. Туура эмес тандоо жасап кою мына ушул нерсе коркунучтуу.
Алгач, тынчтанып сабырдуу болууга аракет кылыңыз. Куру санаа тартуу эч нерсени өзгөртпөйт.
Жакындарыңыздын сиздин жашоого болгон көз карашы жана пландары болгону турган эле нерсе. Алар өздөрүнүн жеке тажрыйбасына, жана жашоосуна таянып, сизге туура жол көрсөтүп берүү аракетин кылып жатышат. Анткени алар сизди жакшы көрүшөт, жана туура чечим кабыл алууңуз үчүн кабаатыр болушат.
Бирок алардын жашоосу башка, сиздин жашооңор башка. Сиздин тагдырыңар башкача сценарий менен жүрүп, башка нукта өнүгөт. Ошондуктан, алгач өзүңүздүн каалооңузга гана таяныңыз. Бирок ар бир кадамың, ар бир чечимиң үчүн жоопкерчиликти өз мойнуңа алуу керек. Бул чоңоюу жана инсан катары калыптануунун негизги шарттары.
Ийгилик!