// //

Күйөөм мени алганына өкүнөм деп айтат. Кетип калышым керекпи?

2019.12.20, 10:23
1823

Саламатсызбы. Мен 23 жаштамын, турмушка чыкканыма 1 жылдан ашты. Бир балабыз бар. Биз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жолдошум жакшы жерде иштейт, кайын-журтум бардыгы жакшы, көзүмдү карап турушат. Учурда иштебейм, бала менен үйдө отурам.

Болгону күйөөм экөөбүз урушуп кетсек эле, мени алганына өкүнгөндүгүн айта берет. “Мүнөзүң ушундай экенин билгенимде сени албайт болчумун” – дейт.

Мен анын бул сөзүнө аябай теригем, басынып жүрөм. Же иштебейм, иштейин десем балам кичинекей.

Ажырашкым келип жүрөт. Башкача уруш болсо балким, жолдорун издеп, чыдамак белем. Анан эле өкүнүп турса, мени менен жаша деп жалдырамак белем? Эмне кылышым керек, кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.12.2019, 10:24

Эльвира Чокоева

Психолог

Күйөөңүз, сиздин андан көз каранды болуп турганыңызды билип туруп, эң талылуу жерге сокку берип жаткандай. Айтылган сөздөрү катуу тийип жатканына көзү жетип турса да, бул аргументти улам-улам колдонуп келет.

Менимче, унчукпай чыдап жүрө берген болбойт. Аялдар күйөөлөрү менен ачык сүйлөшүп, сезимдерин, аларга жакпай турган же катуу тийип жаткан учурларды талкуулаганга үйрөнүшү керек. Өзүңүздү жана өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды коргогонду үйрөнүңүз.

Эгер ал сизди алганына өкүнүп жатса, ушу күнгө чейин сени эмне кармап келет? – деп сураңыз. Ар бир адам жасаган иши жана айтылган сөзү үчүн жооп бериш керек. Жөнү жок сүйлөй берген туура эмес.

Чыдайм десеңиз, анда унчукпай жүрө бериңиз. Бирок бул сөздү өмүр бою угууга даяр болуңуз. Жыл өткөн сайын анын нааразычылыгы улам көбөйүп, өкүнгөнү улам өсө берет.

Же экөөбүз эки жолго түшөбүз, же мындан кийин бул сөздү такыр айтпайсың – деп шарт койсоңуз болот. Кыскасы, бул сиздин жашооңуз, аны кандай жашайсыз сиз гана чечесиз.

Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул жактан окусаңыз болот:

Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалышат? Анын терс жактары

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

Ата-энеге жармашпай өз алдынча оокат кылса болобу? Сепарация тууралуу түшүнүк

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт