// //

Көк бет күйөөмөн чарчап кеттим. Эмне кылышым керек? Психологдун кеңеши

2019.12.19, 13:34
1884

Саламатсызбы Bilesinbi.kg’нин жамааты. Мага да психологдон кеңеш алып бергилечи. Жолдошум экөөбүздү ата-энелерибиз үйлөнтүшкөн. Каршы болгонум менен тагдырга моюн сунуп, жашай бердим. Кийин россиялап, иштеп, ишибиз жакшы жүрүштү, мамилебиз да оңолгонсуп калган. Баш кошконубузга 12 жыл өттү.

Ортобузда эки балабыз бар. Жолдошум балдарды абдан жакшы көрөт. Бала дегенде үзүлүп түшүп, алар үчүн бардыгына даяр.

Бирок мени менен болгон мамилеси солгундап баратат. Кайним же кошуналар мен тууралуу сөз айтса эле, алардын сөзүн туура көрүп мени урушуп эле жатып калат. Таарынса 10-15 күндөп сүйлөбөй коет. Баштан берки кыялы ушундай. Жакшы мамиле да кылып көрдүм, алдап да көрдүм, өзүн туурап таарынып да көрдүм. Эч нерсе жардам берген жок.

Менин да чыдамым кетип, сабырым түгөнүп баратат. Кичинекей нерсеге ачууланып, урушчаак аялга айландым. Ажырашып кетсем кантет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.12.2019, 13:35

Асель Баимбетова

Психолог

Кыйналып турганыңызды сезип турам. Жолдошуңдун жана анын тууган-туушкандарынын мүнөзүнө, кыял-жоруктарына ыкташып жашоо оор.

Менде бир гана суроо пайда болду. Сиз бардыгына чыдап 12 жыл жашаптырсыз. А бирок, эми гана ажырашуу тууралуу ойлонуп жатасыз. Демек, ортодо бир чоң конфликт болду, ошол нерсе силерди мындай ойлорго түртүп жатат. Кандайдыр бир көрүнүш чыдамыңыздын чегине жеткирди.

Ооба, үй-бүлөлүк жашоодо кризистик учурлар орун алат, мындан ары бирге жашоо мүмкүн эместей сезилип, эч бир позитив көзгө көрүнбөйт. Бул адам менен бактылуу болушуңа көзүң жетпей, үмүтүң үзүлөт.

Балким, күйөөңүз менен ачык сүйлөшүп көрөсүз? Сизге мындай жашоо мындай мамилелер жакпай тургандыгын, өзгөрүүнү каалап турганыңызды айтып көрүңүз. Конкреттүү түрдө күйөөңүздөн эмне күтө турганыңызды билдириңиз.

Бул маселени чечүүнүн түрдүү жолдорун сунуштаңыз. Башкысы сунуштоо. Нааразы болуп, дооматыңды эмоция аралаш ачууланып, ызаланып билдирүү эмес. Жөн гана, сүйлөшүү, бири-бириңди угуу.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт