Эмчегим кесилип кетти. Мазь сүйкөгөндө жуубай туруп эмизсем болобу?
Жакында эле төрөдүм. Эмизгендиктен эмчегим кесилип, үрпүм канап жатат. Бепантен мазын колдонуп жаткам. Эмчегимди жуубай туруп эмизе берсем болобу?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Мындай көрүнүш адатта биринчи балалуу болгондо көп кездешет. Себеби жаш энелер баласын туура эмес эмизишет. Туура эмизүү үчүн наристе эмчекти оозуна толугу менен алыш керек, башкача айтканда, үрптүн өзүн эле эмес, анын тегерегиндеги кара болуп турган “ареоланы” бүт салып эмгени туура деп саналат.
Эмчектин кесилип кетиши бул кадимки эле жара. Эмизген аялдын төшү ар дайым жабык жана нымдуу жүрөт. Андан тышкары бала жараланган жерди улам эмет. Ошондуктан айыгуу процесси көпкө созулат.
Колдон келсе күнүнө бир маал төшүңүздү ачык калтырыңыз, бирок суукка урунбаңыз. Ар дайым кургак жүргөнгө аракет кылыңыз.
Дарыканаларда силикондон жасалган үрптөр сатылат (силиконовая насадка для кормления), ошону колдонуп көрүңүз. Ал бардыгына эле жарай бербейт, кээ бири ыгын таппай бала да эме албай койду дешет. Бирок айрымдарына абдан жакшы жардам берет. Анткени ал кесилип турган үрптү кошумча “травматизация” болуусунан сактайт.
Кандай мазь болбосун бала эмизээрдин алдында жылуу суу же нымдуу салфетка менен сүрүп туруу керек.
Тезирээк сакайып кетиңиз!