Эрозияны дарылоо үчүн гель колдонсом жардам береби? Гинеколог жооп берет

2019.12.18, 16:02
510

Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 4 ай болду. Боюма бүтпөй жатат, андан тышкары цистит, эрозия бар. Виржин стар гелин колдонсом болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.12.2019, 16:03

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Сиз гелди кандай максатта колдонгуңуз келип жатат? Бул гель менен жогоруда атаган көйгөйлөрүңуздү чечүүнү каалап жатсаңыз, анда “жок”. Жардам бербейт.

Мындай диагноздор менен гинекологго көрүнүп эртелеп дарылануу керек.

“Виржин стар” бул лубрикат. Ал жыныс кынын кууш кылып, либидо доголгон учурда колдонулат.

Либидо – бул карама каршы жыныстагы адамга жыныстык тартылуу, аны каалоо.

Эрозия- жатын моюнчасынын былжыры жаракатка кабылганда пайда болот. Бул илдет менен түрдүү курактагы айымдар жабыркашат. Жатын моюнчасынын эрозиясын убагында дарылабаса тукумсуздукка, андан өтүп ракка алып келет.

Эгер цистит 10 күндөн ашык убакытка чейин созулса, инфекция бөйрөккө өтүп, пиелонефрит оорусуна алып келет. Ал эми бул өтө кооптуу диагноз. Келечекте кош бойлуулукка терс таасирин тийгизип коет. Эртелеп дарыланыңыз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт