Психология боюнча кандай китептерди окусам болот? Психологдун кеңеши
Мен психолог болууга аябай кызыгам, бирок азырынча окууга шартым жок. Өз алдынча окуп турайын деп чечтим. Кайсы китептерден баштасам болот? Кеңеш бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Психолгия чынында абдан кызыктуу илим. Мен сизге алгач профессионалдуу адабияттан баштоону сунуштамакмын. Мисалы, Эрих Фромм жана Эрик Берн деген авторлордун китептерин окусаңыз болот. Китеп дүкөндөрүндө ар биринин бир нече китеп жыйнактары бар. Андан кийин Карл Густав Юнгтун китептерин окуп чыгыңыз.
Бул китептер психология факултетинде базалык адабияттар болуп саналат, ошондуктан алгачкы курстарда окууга тапшырма катары берилет.
Окууңузга ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Бул жактан окусаңыз болот:
Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалышат? Анын терс жактары