// //

Мигрант болуп сыртта жүрөм, кызымды абдан сагындым. Эмне кылсам?

2019.12.17, 13:38
1182

Турмуш курганмын, кыздуу болгонбуз. Учурда чет жакта мигрант болуп иштеп жүрөбүз. Кичинекей кызымды сагынып, куса болуп бүттүм. Андан алыста жүрүп жашоого кызыгым жоктой. Кечке маанайым жок жүрөм, жолдошум менен урушуп, таарыныша кетебиз. Же кылган ишимен дайын жок.

Уктасам эле кызымды түш көрөм, түнү менен кыйналып чыгам. Эртең менен денемдин баары ооруп калат. Эс албай эле чарчап ойгоном. Эмне кылсам? Күйөөм жакшы, көңүлүмдү карайт. Бирок кээде ал да тажап кетет.

Кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.12.2019, 13:39

Эльвира Чокоева

Психолог

Сиздин катыңызда кызыңызга болгон сагыныч, кусалык аябай байкалып турат. Тааныш эмес чөйрө, оор жумуш, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр – мунун бардыгы сизди эзип, азап чектирип жатат.

Менимче, күйөөңүз менен сүйлөшүп, мындан аркы пландарыңарды макулдашып алышыңар керек. Кайсы багытта жыласыңар, кандай максаттарынар бар, ал үчүн эмне кылуу керек ж.б. Сиз иштеген ишиңиздин үзүрүн көрүп жатасызбы? Тапкан акчаңыз эмнеге жумшалып, кандай максаттарга багытталып жатат? Эгер иштеген акчаңардын дайынын таппай жатсаңыз анда иштөөнүн канчалык зарылчылыгы бар?

Балким чет жерде жүргөндүктөнн кыйналып жатасыз. Балким мекениңизге кайтып келип, бул жактан иштесеңиз сиз үчүн да, кызыңыз үчүн да жакшыраак болотдур?

Албетте, бардыгын сиз чечесиз. Бирок азыр кечке кыжалат болуп жүрө берсениз нервге доо кетет. Кийин толтура оорулар чыга келет. Тапкан акчаңздын бардыгы ден соолукка коротосуз.

Түш жөнүндө айта турган болсом, адатта адам күндүзгү жашоосунда ичине кармап, сыртка чыгарбаган эмоциялардын бардыгы түшкө кириши мүмкүн.

Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул жактан окусаңыз болот:

Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалышат? Анын терс жактары

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт