// //

Молдо чакырып, нике дубасын окутпай эле нике кыйса болобу?

2019.12.17, 13:25
5257

Саламатсызбы! Нике дубасы окулбаса нике өтөбү? Жигит менен кыздын макулдугу болсо эле дегеним. Мисалы, мен сенин аялың болууга же мен сени жубайлыкка алууга макулмун десе нике өтө береби?

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.12.2019, 13:27

Кадыр Маликов

Теолог

Никени молдонун катышуусуз же нике дубасын окубай деле кыйса болот. Бирок, сөзсүз негизги шарттар аткаралышы керек. Биринчи шарт - эки тараптын макулдугу жана күбөлөрдүн болушу. Нике формасы өткөн жана учур чакта айтылат. Мисалы, мен сени алам, макулсуңбу же мен бул адамды жубайлыкка алдым. Эгер эки тарап макул болсо, нике кыйылат. Экинчи шарт - махр төлөө. Мисалы, аял айткан сумманы төлөө же белек берүү, кыскасы, аялдын койгон талаптарын аткаруу. Дагы бир ирет айтам, сөзсүз күбөлөр болушу керек. Никенин ойноштуктан айырмасы -  бул жашыруун болбой, коомго айтылып, бардык адамдардын кабардар болуусу. Ошондуктан нике коомдук жайларда, дос-туугандар чакырылып, күбөлөрдүн катышуусу менен жасалат. Андан кийин, алар мыйзамдуу түрдө аял жана күйөө экенин тастыктаган кабар жайылышы үчүн кичинекей той өткөрүп коюу сүннөт болуп эсептелет. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт