Молдо чакырып, нике дубасын окутпай эле нике кыйса болобу?
Саламатсызбы! Нике дубасы окулбаса нике өтөбү? Жигит менен кыздын макулдугу болсо эле дегеним. Мисалы, мен сенин аялың болууга же мен сени жубайлыкка алууга макулмун десе нике өтө береби?
Кадыр Маликов
Теолог
Никени молдонун катышуусуз же нике дубасын окубай деле кыйса болот. Бирок, сөзсүз негизги шарттар аткаралышы керек. Биринчи шарт - эки тараптын макулдугу жана күбөлөрдүн болушу. Нике формасы өткөн жана учур чакта айтылат. Мисалы, мен сени алам, макулсуңбу же мен бул адамды жубайлыкка алдым. Эгер эки тарап макул болсо, нике кыйылат. Экинчи шарт - махр төлөө. Мисалы, аял айткан сумманы төлөө же белек берүү, кыскасы, аялдын койгон талаптарын аткаруу. Дагы бир ирет айтам, сөзсүз күбөлөр болушу керек. Никенин ойноштуктан айырмасы - бул жашыруун болбой, коомго айтылып, бардык адамдардын кабардар болуусу. Ошондуктан нике коомдук жайларда, дос-туугандар чакырылып, күбөлөрдүн катышуусу менен жасалат. Андан кийин, алар мыйзамдуу түрдө аял жана күйөө экенин тастыктаган кабар жайылышы үчүн кичинекей той өткөрүп коюу сүннөт болуп эсептелет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.