// //

“Ветрянка” болуп ооруп калдым. Коркунучтуу эмеспи? Дарыгер жооп берет

2019.12.17, 12:33
8376

Саламатсызбы. Жашым 24тө “ветрянка” болуп ооруп калдым. Бүгүн 4 күн болот. Денеме чыккан жаралар ириндеп жатат. Бул коркунучтуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.12.2019, 12:34

Гүлзат Матмусаева

Үй-бүлөлүк дарыгер

Саламатчылык. Менимче сиз суу чечек (ветрянка) эмес, башка оору менен ооруп жатасыз. Суу чечек болгондо ириңдебейт.

Суу чечектин башкы симптомдору:

  • алгач дене табы көтөрүлөт, температура 38-39 градуска чейин жетет;
  • бейтаптын алы кетип, булчундары ооруйт;
  • баш ооруйт;
  • дене кычышат.

1-2 күндөн кийин алгач бетте кызыл тактар пайда болот. Андан кийин чачтын арасында, акырындык менен бүт денеге тарайт. Кызыл тактардын чокусунда сары суусу болот (желтый пузырь), алар жарылып (жаралар жарылып жаткан учурунда адамдын оорусу жугуштуу болот) карттана баштайт.

Чондор бул оору менен сейрек оорушат. Көбүнчө 3-7 жашка чейинки балдар жабыркашат. Жакшысы, бир жолу ооругандан кийин адамда суу чечекке каршы иммунитети пайда болот.

Кандай болсо да сөзсүз доктурга көрүнүңүз. Дарыгер сизге антибиотик, мазь жана антигистаминдик препараттарды жазып берет. Себеби суу чечек менен ооруган чоң киши балага салыштырмалуу илдетти оор көтөрөт.

Сакайып кетиңиз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт