Эпилепсия менен ооруган адамга пенсия берилеби?
Саламатсызбы! Кыргызстанда эпилепсия менен ооруган адамга пенсия берилеби? Жашы 20да жана кандай документтер керектелет?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамына ылайык, мамлекетик жөлөкпулдун дагы бир түрү – бул ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул.
Ай сайын берилчү социалдык жөлөк пул - үй-бүлөнүн кирешесин эсепке албастан, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет.
Ай сайын берилчү социалдык жөлөк пул алуучулардын категориясына 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, бала кезден баштап мүмкүнчүлүгү чектелген I, II топтогу жарандар, ошондой эле жалпы оорунун негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген I, II жана III топтогу жарандар кирет.
Жогорудагы айтылган категориялар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү чектелгенине жараша ар кандай өлчөмдө жөлөкпул алалышат. Аларды топторго бөлүү медико-социалдык экспертик комиссиясы берген маалымкатка жараша дайындалат.
Сиз эпилепсия менен оорусаңыз, медико-социалдык экспертик комиссиясынын текшерүүсүнөн өткөн болсоңуз жана комиссия сизге мүмкүнчүлүгү чектелген деп корутунду берсе, жөлөкпул дайындалат, болбосо жок.
Ал эми мурда иштесеңиз, социалдык фондко кайрылып пенсия алаласыз. Эгер иштеген эмес болсоңуз жана пенсиялык камсыздоого укугуңуз жок болсо, анда социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылууңуз керек.