Кызым үчүн атасы менен кайра жарашып алсамбы? Психолог кеңеш берет
Тагдыр экен, турмушка 2 жолу чыктым. Күйөөдөн жолум жок окшойт. Биринчи күйөөм менен балалуу болгон жокпуз, экинчисинен бир кызым бар. Ажырашканыбызга 4 жыл болду. Менден кийин дагы үйлөнүп анысы менен да ажырашыптыр. Баш аягы төрт жолу үйлөнгөн. Ар бир никесинен балдары бар.
Күйөөм кызыбызга алимент төлөйт, бирок аны менен иши жок. Келип сүйлөшүп, акыбалын сурабайт. Мен кызымдын коомдон бөлүнүп, өзүн башкалардан кем сезишин каалабайм. “Атасы таштап кеткен” – деген сөздү башкалардан укса шагы сынып калабы, деп сарысанаа боло берем.
Кээде кызым үчүн, анын намысы үчүн күйөөм менен кайра жарашып, жашап алсамбы, деп да ойлоном. Бирок ал кишини такыр сүйбөйм, көңүлүмдү калтырган.
Бир туруп башка турмуш курсамбы дейм. Анда кызым кантет? Башка кишини кандай кабыл алат?
Өзүм 29дамын. Эл катары үй-бүлө куруп, бактылуу болгум келет. Дагы төрөгүм келет. Бирок корком. Кандай жолду тандасам?
Мария Самсонова
Психолог
Кутман күн!
Мурунку күйөөңүздү сүйбөсөңүз, бирок кызыңыз үчүн кайра жарашып, жашай баштасаңыз, мындан жакшы нерсе деле чыкпайт. Адамды сүйгөндө гана аны менен турмуш куруу керек. Аны менен өмүр бою жашап, өмүр бою жанында болууга даярмын, деген ой менен баш кошуу зарыл.
Эмне үчүн кызыңыз атасынын жанында болбогунан жабыркайт деп чечтиңиз? Толук үй-бүлө бирок күндө чыр-чатак, ызы-чуу, бактысыз эне, бактысыз атасын көрүп чоңойгончо, толук эмес бирок бирин-бири сыйлаган, тынч үй-бүлөдө чоңойгону жакшыраак.
Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Сиз жашсыз, дагы үй-бүлө курууга, бактылуу болууга акыңыз бар. Бирок бул ирет, олуттуу мамиле кылып, этият болуңуз. Сиз кызыңыз үчүн да жооптуусуз.
Тагдыр экен, күйөөдөн жолум жок, деп жатасыз. Менимче бул тагдыр эмес, тагдырды ар бир адам өзү тандайт, өзү чечет.
Балким, сиз нике куруудан өтө көп нерсени үмүт этесиз? Балким, тез эле эркектерден көңүлүңүз калат? Же узак мөөнөткө мамиле кура албайсызбы? Бир аз эле пикир келишпестиктер, кризистик учур боло калса эле көйгөйдү чечкендин ордуна кетип калууну туура көрөсүзбү?
Жашооңузга анализ салып көрүңүз. Позитивдүү учурларга басым кылып, мындан аркы стратегияңызды өзгөртүңүз.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.