Төрөгөндөн кийин, врачтар тигип, жиби 10 күндө түшөт дешкен. Түшкөн жок
Биринчи баламды төрөгөндө “разрыв” болгом. Врачтар тигип, 10 күндө жиби өзү түшөт деп айтышкан. Бирок түшкөн эмес. Азыр эми экинчи баламды төрөгөнү жатам. Эмне кылышым керек, коркуп жатам? Кеңеш бериңизчи?
Нургазы Джанузаков
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, гинеколог
Мындайда негизги чечимди сиздин төрөтүңүздү кабыл ала турган доктур кабыл алат. Сизди көрүп, текшерүүдөн өткөргөндөн кийин өз алдынча төрөйсүз же кесердик кесүү аркылуу, деп так жообун берет. Анткени мунун бардыгы сиздин дене түзүлүшүңүздөн, жалпы ден соолугуңуздун акыбалынан, курсактагы баланын салмагынан жана башка көптөгөн факторлордон көз каранды.
Ал эми түшпөй калган жип тууралуу айта турган болсом, “разрывты” тиккенде доктурлар өз алдынча тарап кете турган “лигатура”, деген жип колдонушса керек. Тигилген жердин көлөмү кичирээк болсо, ал бейтапка билинбей эле түшүп калат.
Ошентсе да, гинекологго барып көрүнгөндө жиби калып же калбагынан сурап, билип алсаңыз болот.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!