// //

Күйөөм биринчи сүйгөнүн унута албай жүрөт

2018.10.26, 10:40
4436

Саламатсыздарбы? Мен дагы суроомо жооп алгым келет. Учурда абалым оор. Күйөөм акылдуу, камкор, жакшы адам. 2 уулубуз бар. “Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбайм деп бизди жакшы багат. Бирок, мурдагы сүйлөшкөн кызын унута албай койду.

Убагында кызынын оорусуна карабай үйлөнүүгө аракет кылыптыр, ал тийбей коюптур. Кийин мага үйлөндү, бирок аны унута албады. Интернеттен дайыма издеп, үй-бүлөсүн сураштырып эле жүрөт. Бул аракети мага оор тиет. Эмне кылаарымды билбейм. Ажырашайын десем балдарымды бага албайм. Мындай күйөө таппай каламбы деп да корком. Сыгылып кеттим.

Жакында интернеттен экөөнүн жазышканын көрүп калдым. Дагы деле сүйөөрүн, унута албай жатканын жазыптыр. Ал кыз “аялың менен ажыраш” десе, “ажыраша албайм, аялыма, балдарыма боорум ооруйт” дептир. Эмне кылсам туура болот?

Бермет Уланова, гештальт-консультант

Урматтуу айым, күйөөңүздүн сүйгөнүнө болгон сезимдерин жазыпсыз. Ал өзү бул тууралуу айтып бердиби? Же болбосо анын уруксаты жок телефонун чукулап, социалдык тармактагы баракчаларына кирдиңизби?

Аны сүйөөрүн, сиз менен балдар үчүн гана жашап жатканын айтса, кеп башкада. Бирок, эч нерсе дебесе, өзүңүз мурунку жашоосуна кызыкдар болуп жатсаңыз, анда сизге бир канча суроом бар. Эмне үчүн жөн жерден маселе көтөрүп жатасыз? Ал сиз менен бирге болгусу келбесе, балким, эбак эле таштап кетмек. Мен сизди табалаган жокмун, күйөөңүздүн жалгызы, сүйүктүүсү болгуңуз келип жатканыңызды түшүнүп турам.

Мамиледе кризис болот. Ошондуктан, дайыма анын үстүндө иштөө керек. Мурдагы жашоосун казып убара болбой, ортоңордогу мамиле үстүндө иштеп баштаңыз.

Күйөөңүз менен канчалык жакынсыз? Аны жакшы көрөсүзбү? Ал камкор күйөө жана ата экенин жазып жатасыз, ал эми сезимдериңиз тууралуу унчукпадыңыз. Балким, жашоодо дагы аны канчалык жакшы көрөрүңүздү жана ал силер үчүн кымбат экенин айтпайсыз.

Сезимдериңизди күйөөңүзгө билдирүүгө аракет кылыңыз. Эсиңизде болсун, мурда аны менен бул тууралуу сүйлөшкөн эмес болсоңуз, дароо эле сизге ачык жооп бербеши мүмкүн. Мындай маектерди акырындык менен жүргүзүү керек. Балким, күйөөңүз сизден дал ушуну күтүп жатат. Ага эмне жетишпегенин сураңыз, өзүңүздүн каалоолоруңузду дагы айтыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт