// //

Тааныштарыңардын зомбулукка кабылганын кантип аныктаса болот?

2019.12.06, 16:22
1887

Тааныштарыңардын зомбулукка кабылганын кантип аныктаса болот?

Достор жана жакындар үчүн кеңештер

Бөлөк үй-бүлөдө эмне болуп жатканын билүү мүмкүн эмес, ошентсе да адамдын зомбулукка кабылганын аныктоочу белгилер бар. Курбуңдан, кесиптешиңен, тууганыңдан, кошунаңдан же алардын балдарынан ушундай белгилерди байкап калсаңыз, эмоционалдык же физикалык зомбулукка дуушар болуп жатканын түшүнсөңүз болот. Демек, ал жардамга муктаж.

Зомбулукка кабылгандар өздөрүн төмөнкүдөй алып жүрүшөт:

  • Түгөйүнөн (ата-энесинен, чоң ата-чоң энесинен, байкесинен, эжесинен ж.б.) коркот, ага жагынып, айткан сөзүн дароо аткарат.
  • Баардык ишти анын көрсөтмөсү менен жасайт.
  • Телефон чалып кайда, ким менен жүргөнүн жана эмне кылып жатканын айтып, отчет берип турат.
  • Өз кезегинде ал да улам телефон чалып, текшерип, козөмөлдөп турат.
  • Күйөсүүнүн (атасынын, апасынын ж.б.) мүнөзү катаал экенин көп айтат.

Ошондой эле сизди айрым психологиялык белгилер дагы кооптондурушу керек:

  • Буга чейин ишенимдүү жүргөн адамдын өзүнө болгон баа берүүсү төмөн түшүп кетет.
  • Мүнөзү кескин өзгөрөт (мисалы, мурда шайыр, ачык, башкалар менен жакшы мамиледе болгон адам түнт болуп калат).
  • Депрессияга кабылат, тынчы кетип, кылчактап, өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө айта баштайт.

Физикалык жактан зомбулукка кабылгандарда төмөнкү белгилер байкалат:

  • Бети-башында, денесинде көгала тактар пайда болот, буту колун кокустатып же сындырып алат. Себебин ачык айтпастан, кырсыктап калдым (жыгылып кеттим, тамды сүзүп алдым, колумду кыпчып алдым, күйгүзүп алдым, ж.б) дейт.
  • Себепсиз жумуштан, сабактан калып, коомдук иш-чараларга катышпайт.
  • Үшүкчөл экенен айтып, күн ысыкта деле жабык кийимдерди киет, айрымдары бөлмөнүн ичинде деле күндөн коргонуучу көз айнек тагынат.

Эгер ушул белгилердин бир нечесин байкап калсаңыз, жадатма көрүнгөндөн коркпоңуз. “Менин ишим эмне?”, “жөн эле коеюнчу”, “жаңылышып жатат окшойм”, деп өзүңүздү жооткотпоңуз. Бул көйгөйгө көз жумуп койбоңуз, сиз  бирөөнүн өмүрүн сактап калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан зомбулукка кабылган адамды ачык сөзгө тартыңыз.  

Кандай аракеттерди жасоо керек?

  • Адам менен жекеме-жеке сүйлөшүңүз.
  • “Бардыгы жайындабы?”, “Жакшысыңбы?”, деп кызыгыңыз.
  • Сарысанаа болуп жатканыңызды билдириңиз.
  • Эмнелер тынчыңызды алып жатканын санап бериңиз.
  • Ал айткандын баары экөөңөрдүн ортоңордо гана калаарын ишендириңиз.  Сөзүн көңүл коюп угуңуз.
  • Жардамыңызды сунуштаңыз.
  • Анын чечимин колдоңуз.
  • Эгер ал, сиз менен сүйлөшүүгө даяр эмес болсо, качан болбосун сүйлөшүп, анын сөзүн угуп, жардам берүүгө даяр экениңизди билдириңиз.

Эмнелерди такыр жасаган болбойт?

  • үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы өзү жардам сурап кайрылышын күтүүгө;
  • сын пикир айтып, өзүн күнөөлөөгө;
  • ага басым кылууга, кысым көрсөтүүгө;
  • кеңеш берүүгө;
  • шарттарды коюу менен жардам жана колдоону сунуштоого.

Зөөкүрлөр-эң мыкты манипуляторлор экендиги эсиңизде болсун. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар чүнчүп, эмоционалдык жактан жабыркап, коркуп, тартынчаак болушат. Алар үчүн жардам суроо абдан кыйын, кээде мүмкүн эмес. Эсиңизде болсун! Сиздин катышууңар алардын тагдырында абдан маанилүү болушу мүмкүн.  

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт