Алып баруучу болгум келет. Акчаны талап кылбаган кандай жолдору бар?
Саламатсызбы. Мен алып баруучу болгум келет. Анткени, бул менин балачагыман берки кыялым. Көп акчаны талап кылбаган кандай жолдору бар?
Назира Айтбекова
Алып баруучу
Кутман күн!
Эгер алып баруучу болгуңуз келсе, болгону кастингдерге катышуу керек. Алдын ала алып баруучучулук курстарга, ораторлук чеберчиликке үйрөткөн ийримдерге барып койсоңуз ашыктык болбойт.
Болду, башка жол жоболору жок. Бул жумушка тааныш-билиш аркылуу, акча берип орношуу мүмкүн эмес.
Үн, дикция, оозуңда айта турган сөзүң, сырткы келбетиң төп келишип турса, анда теле алып баруучу болсо болот.
Үн, дикция жакшы бирок сырткы келбети анча эмес болсо, анда радиого барып иштесе болот.
Ал эми сүйлөө речиңизде деффект бар болсо, жазма журналистикада өзүңүздү сынап көрүңүз.
Андан тышкары алып баруучу болгусу келген адамдын билими жакшы, дүйнө таанымы кең болууга тийиш. Алып баруучу бул жөн эле сүйлөй берүү дегендик эмес, элге айта турган сөзүң, жеткире турган оюң болуш керек.
Ийгилик!