Кайын эжем акча сурай берет, бирок кайра кайтарып бербейт
Үйлөнгөнүбүзгө 3 ай болду. Күйөөм абдан жакшы, ар дайым мага кам көрөт. Бирок баш кошкондон бери экөөбүз көп уруша турган болдук. Себеби, кайын эжем 3-4 күндүн биринде күйөөмөн акча сурай берет. Кайра кайтарып бербейт. Өзүндө жок болсо бир жөн. Иштейт, үй-бүлөсү бала-чакасы бар.
Менин кыжырымды келтиргени, биз жаш үй-бүлөбүз, жаңыдан тиричилигибизди кылып келатабыз. Мен өзүм да иштейм.
Эмне кылсам болот?
Мария Самсонова
Психолог
Кутман күн!
Мындайда, алгач күйөөңүз менен бир пикирге келип алганыңыз оң. Эгер күйөөңүздү мындай көрүнүш кыжалат кылбаса, ал бардыгын нормалдуу кабыл алса, тилекке каршы сиз эч нерсе кыла албайсыз, болгону ал акчасын сизге айтпай, көрсөтпөй бере-берет.
Эгер күйөөңүздү да мындай абал кыйнап жүргөн болсо, бирок жок дей албай жүрсо анда демилгени өз колуңузга алыңыз. Кайын эжеңиз менен сүйлөшүп көрүңүз. Өзүңөрдүн тирдигиңерди жүргүзүп, өз алдынча үй-бүло болгонуңарга байланыштуу, мындан ары ага акча бере албай турганыңарды түшүндүрүңүз.
Башкысы күйөңүз менен бардыгын макулдашып алгыла.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.