Кош бойлуу болгондо убактылуу учетко турса болобу? Эксперт жооп берет
Мен өзүм Оштон болом, убактылуу Бишкекте турам. Кош бойлуу болгондо убактылуу учетко турса болобу? Ал үчүн кандай документтер керек? Канча сом төлөнөт? Мен врачка 3500 сом бериш керек деп уктум, ошол чынбы?
Айнура Мамашова
Медицина камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси
Учетко туруу үчүн кош бойлуу келиндин паспорту жана учурда жашаган жеринен домкомдон же квартальныйдан “айтылган дарек боюнча убактылуу жашайт” деген малымкат (справка) керектелет.
Ал эми 3500 сом жөнүндө айтылган маалымат туура эмес. Эгер сизден кимдир бирөө учетко тургузгандыгы үчүн акча каражатын берүүнү талап кылса, бул мыйзам бузуу болуп саналат.
“113” шыр байланыш телефон номерине чалыңыз. Биринчи күндөн, бешинчи күнгө чейин эртең мененки 9дан кечки 18.00го чейин суроолоруңар менен кайрылыңыз. Төрөт үйлөрү боюнча, дары-дармек, ооруканадан акча доолап жатат, полис ж.б. жөнүндө билип алсаңыз болот. Биздин адистер бардыгын түшүндүрүп беришет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.