Күйөөм "алимент сени тешип чыксын" деп каргады. Алимент алуу арамбы?
2019.12.05, 09:50
1661
Саламатсызбы! Күйөөм мага чалып, "сени алимент тешип чыксын, жукпасын",- деп каргады. Ошондон бери, шариятта алимент алуу арамбы же адалбы деп, ойлонуп калдым. Алименти алууга динибиз кандай каралат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.12.2019, 09:51
Кадыр Маликов
Теолог
Ажырашкандан кийин алимент алуу керек. Өзгөчө, эркек аялы менен эки жолго түшкөндөн кийин балдарын камсыздабаса. Эч кандай арам эмес. Шарият боюнча балдарын камсыздаш үчүн алимент төлөп берүү - эркектин милдети. Кабатыр болуп ойлонбой, балдарыңызга алимент өндүрө бериңиз.
0
Пайдалуу жооп