// //

Күйөөмдү кантип иштетип, кантип көңүлүн өзүмө бура алам? Психологдун жообу

2019.12.04, 12:44
1391

Саламатсызбы. Жолдошум менен жашаганыма төрт жылдын жүзү болуп калды, балдарыбыз жок. Өзүмдүн үйүм бар, жолдошум мени менен турат. Башында бардыгы жакшы болчу, тапканын мага алып келип берчү. Кийин иштебей калды. Мага жардам берейин деген ою деле жок, көңүл бөлбөйт. Үйдө жалгыз калсам, мага сары санаа деле болбойт. Кээде тилдейт, урат. А мен жашоомду бузгум келбейт, чыдап жашап жүрөм.

Күйөөмдү кантип иштетип, кантип өзүмө көңүлүн бура алам? Кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2019, 12:45

Асель Баимбетова

Психолог

Силердин үй-бүлөдө чынында эмне болуп жатканын мен билбейм. Бирок сиз өзүңүздүн жашоонузду да, күйөөңүздүн жашоосун да кандай боло турганын чечип койгондой сезилип жатат. Бүт жоопкерчиликти өз мойнуңузга жүктөп алыптырсыз. Жумушту күйөөңүз жоготуптур, а сиз мен эми эмне кылышым керек, деп сурап жатасыз.

Күйөөңүз менен эмне үчун жашап жатасыз? Кайсы сапаты сиз үчүн баалуу? Эмнеси менен кармап турат? Ушул суроолордун үстүнөн ойлонуп, чынчыл жооп бергенге аракет кылгыла.

Экөөңөрдүн ортоңордо сырдашуу, келечекти бирге пландаштыруу деген нерселер барбы? Бири-бириңерге ишенесиңерби?

Чыдап, бардыгын көтөрөм, деп жашап жүрө берген болбойт. Чыдап жүргөн киши, акыры бир күнү жарылат. Анын жыйынтыгы жакшы бүтпөйт. Ошондуктан нааразычылыктарды дароо айтып, дароо чечип алган жакшы.

Андан тышкары ортоңордо балдарыңар жок экен. Кыргыздардын менталитетинде үй-бүлө кургандан кийин сөзсүз балалуу болуу керек. Балким, ушул ойлор да сизди кыйнап, ашыкча эмоционалдуу, ашыкча ызакор болуп, жөн жерден өзүңүз уруш чыгарып жаткандырсыз.

Азыр интернетте үй-бүлө туурасында материалдар абдан көп. Психологдордун кеңештерин угуп, окуп, иш жүзүндө колдонуп көрүңүз. Изилдеп, издениңиз.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт