// //

Жолдошум ажырашууга биринчи арыз жазды. Мен эмне кылсам болот?

2019.12.04, 09:49
2349

Саламатсызбы! Сурайын дегеним, ажырашууга арызды кандай түрдө жазсам болот? Себеби, жолдошум менден биринчи сотко арыз менен кайрылды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.12.2019, 09:50

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Эгерде мындан ары чогуу жашоого мүнкүнчүлүк жок болсо, анда сизге соттук тарипте чечилүүчү маселелерге көңүл буруңузду сунуштайт элем. Демек, жолдошуңуздун ажырашуу жөнүндө берген доо арызынын негизинде соттук кароо жүргүзүлөт. Бирок, сиз ажырашууга макулмун деп айтсаңыз, анда сот ажырашуунун себептерин териштирбей эле ажырашуу жөнүндө чечим чыгарат.

Сизде мүлктү бөлүштүрүү, алимент өндүрүү жана балдардын жашоо ордун аныктап алуу боюнча өтүнүчтөрүңүз болсо,  ошол соттук тартипте ооз эки же жазуу түрүндө өтүнсөңүз болот. Анткени Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 25-беренесинде:

1. Сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө, балдарын багууга жана (же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат төлөп берүүнүн тартиби, бул каражаттардын өлчөмдөрү, болбосо жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү тууралуу макулдашууну соттун кароосуна бере алышат.

2. Эгер ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда, ошондой эле  бул макулдашуу балдардын же жубайлардын биринин кызыкчылыгын бузат деп табылган учурда, сот төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  • ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын кимиси менен жашай турганын аныктоого;
  • балдарына ата-энесинин кимисинен жана кандай өлчөмдө алимент чегерилип алынаарын аныктоого;
  • алардын ортосундагы менчикте болгон мүлктү жубайлардын (алардын биринин) талабы боюнча бөлүштүрүүгө;
  • башка жубайынан тиричилик өткөргүдөй каражат алууга укугу бар жубайынын талабы боюнча, ал каражаттын өлчөмүн аныктап берүүгө.


3. Эгерде мүлктү бөлүштүрүү үчүнчү жактын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, сот мүлктү бөлүштүрүп берүү жөнүндө талапты өзүнчө иш өндүрүшү катары бөлүүгө укуктуу.


"Үй-бүлөдө жашы жетпеген балдар болсо мүлктү жубайлардын ортосунда бөлүштүрүү доогердин арызы боюнча анын колунда калган балдардын үлүшүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат" деп көрсөтүлгөн.

Ажырашууну эмнеден баштоо керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт