Балам чоң энесинде чоңойду, экөөбүз тил табыша албай кыйналып жатабыз
Балам чоң энесинде чоңойду. Мага келгенден бери тил табыша албай, сөз талашып, айтыша кетчү болдук. Кээде эне-баладай болуп отуруп сүйлөшөлү дейм, бирок балам мага: мен үчүн сиздин сөздөрүңүздүн мааниси жок, уккум да келбейт, деп айтат.
Балам менен кантип сүйлөшсөм болот?
Карлыгаш Акимкулова
“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун адиси, психотерапевт
Балаңыз чон энесинин колунда болуп, тарбяисын алыптыр. Демек ал үчүн чон энеси авторитет. Сиз баланын жашын, канча жашында чон энесинде калып, канчага чыкканча жүргөнүн жазбаптырсыз.
Андан тышкары, чон апасы ага эмне деп айтчу, сизге мамилеси кандай эле? Булардан да балңар экөөңөрдүн мамилелериңер көз каранды.
Балаңыз билгизбесе да сизге таарынып, күнөөлөп, нааразы болуп жатса керек. Кээде атайылап ачууңузга тийип, урушууга түртөт. Бул сизди текшерип, сынап жаткан учуру. Мындай мамиле узакка созулушу мүмкүн.
Колдон келсе ачык сүйлөшүп, аны үн катпай угууга аракет кылыңыз. Жиниңизге тийип жатканда, провокацияга алдырбай, ачууланбай, туруштук бериңиз. Кандай болгон күндө да аны жакшы көрө турганыңызды билдириңиз. Убакыттын өтүшү менен балаңыз сиз анын жакын адамы сизге ишенсе болооруна көзү жетет. Жасаган мамилеси өзгөрөт.
Бактылуу болуңуз!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.