Чогулткан акчамды кайда сактасам болот?
Саламатсызбы! Менин бир аз чогулткан акча каражатым бар эле. Ошол акчаларымды кыска же узак мөөнөткө кайсы банкка сактасам болот жана кандай документер керек? Сактаган акчанын үстүнө пайыз кошулабы?
Айбек Рыскулов
“Айыл Банк” ААКтын кардарларды тейлөө башкармалыгынын жетекчи адиси
Саламатсызбы! Сиз акча каражатыңызды “Айыл Банктын” мөөнөттүү депозиттерин ачып сактасаңыз болот. Пайыздары ачылган мөөнөттүү депозиттин түрүнө жана мөөнөтүнө жараша болот. Алардын ачуу шарттары жана пайыздары жөнүндө толук маалымат менен ab.kg сайтынан таанышсаңыз болот жана ар бир депозиттин шарттарынын алдында депозиттик эсептегич бар.
Документтер боюнча: "Ардагер" мөөнөттүк депозитине салым пенсиялык күбөлүк менен паспортту көрсөткөндө ачылат ал эми "Наристе" депозитине салым балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана паспортунузду көрсөтүү менен ачылат. Калган депозиттерге паспортту көргөзүү гана жетиштүү.
Ошондой эле, банк 31-декабрга чейин «Депозит+1» акциясын өткөрүп, кардарларга 3 жылга чейинки аралыкка депозит ачууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.